Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бишкекте тургун 35 миң долларын шылуунга алдырып жиберген
12.03.2024 | 13:19
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул туралуу Биринчи май райондук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 2023-жылы май айында М. аттуу жаран шаар тургунуна “телефон алып келем берем” деп 35 миң доллар акчасын алып, алдап кеткен. 30-июлда алданган шаар тургуну милицияга арыз жазган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Издөө иштеринин натыйжасында милиция бул ишке шектүү катары 24 жаштагы М.Т. аттуу жаранды кармады. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркагандар болсо, +996 (709) 62-63-56 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.