«Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» айыпталган жаран 3 жылга соттолду

«Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого» айыпталган жаран 3 жылга соттолду

УКМК тарабынан кармалган Нурбек Кайназаровго Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү чыкты.

Reporter.kg’ге шаардык соттун маалымат кызматы билдиргендей, Кайназаров Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча айыпталган. Шаардык соттун 19-январдагы өкүмү менен ал күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Анын жаза өтөө мөөнөтү 2023-жылдын 19-октябрынан тарта эсептелип, сот өкүмү чыкканга чейин камакта отурган бир күнү эки күн деп саналган.

Каназаров соттун өкүмү менен макул болбой Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Эскерте кетсек, Нурбек Кайназаров 2023-жылы октябрда Москвадан кармалып, Кыргызстанга алынып келген. Ал «Фейсбук» аркылуу массалык башаламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/басып алууга чакырган пост жарыялаган деп айыпталган.

Нурбек Кайназаров «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болуп саналат.

УКМК «башаламандыкка чакырган» адамдын кечирим сураган видеосун таратты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>