«ККМ дагы бирөөнүн бизнеси». Депутаттар видео регистратор коюуга каршы чыгышты (видео)

«ККМ дагы бирөөнүн бизнеси». Депутаттар видео регистратор коюуга каршы чыгышты (видео)

Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар  Ички иштер министрлигинин видео регистратору жок унааларды 2025-жылдан тарта каттоого тыюу салуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыкты.

Депутат Бактыбек Сыдыков демилгени бирөөнүн бизнесинин кызыкчылыгын көздөө катары баалады.

«Өзүбүздүн милддеттерди аткара албай дагы эле элге жүктөп жатабыз. Мына «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы ишке кирбей жатат. Дагы бирөө бизнес ачып, видео регистратор киргизилип жатат. ККМ дагы бирөөнүн бизнеси болчу. Азыр мына эмне болуп жатат. Бул аракеттерибиз менен өйдөдөгү адамдарга бут тосуп жатабыз. Эл дагы чырылдап чыгат», — деди ал.

Элдар Абакиров элден кошумча салык жыйноо аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Ал эгер унаага видео регистратор орнотуу милдеттүү түрдө киргизилсе, анда транспортту бекер каттоого алууну сунуштады.

«Бул элден 4-5 миллиард сом салыкты кошумча жыйноо катары болуп жатат. Азыр бир унаадан орточо 2 миң сомдон салык алса, видео регистраторду киргизүү менен биз салыкты 2-3 жылга алдын ала топтоп жатабыз», — дейт ал.

Мыйзам долбоор артка кайтарылды.

Белгилей кетсек, ИИМ 2025-жылдан тарта видео регистратору жок унааларды каттоого алууга тыюу салууну сунуштоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>