Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Орхан Инандыга кыргыз паспортун берүүгө айыпталган аткаминерлер акталды
19.03.2024 | 16:18
Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиев жана Жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы катчысы Эрнис Апиловду актады. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Аткаминерлердин иши 18-мартта каралган. Алар “Коррупция” беренеси менен күнөөсүз деп табылды.
Эскерте кетсек, Фарид Ниязов, Бусурманкул Табалдиев жана Эрнис Апилов “Сапат” билим берүү мекемесинин мурдагы президентти Орхан Инанды баштаган 11 түркиялык жаранга мыйзамсыз паспорт берүүгө айыпталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом