Ош мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Журналисттердин “Умтулуу-2024” сынагына материалдарды кабыл алуу башталды
20.03.2024 | 21:06
Кыргызстандагы журналистика тармагындагы жыл сайын өтүүчү “Умтулуу-2024” сынагына материалдарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Internews билдирди.
Ага материалдар 30-сентябрга чейин кабыл алынат.
Интерньюс сынакка бардык медиа форматта даярдалган, сапаттуу журналисттик материалдардын авторлорун сыйлайт. Материалдар төмөнкү темаларда болуусу керек: “Коомдук кызыкчылык”, “Тынчтык жана ынтымак”, “Балалыкты коргоо”, “Айлана-чөйрөнү коргоо” “Маданият жана агартуу” “Аракеттү инсан”.
Сынактын лауратын атайын комиссия аныктайт.
Ага медианын түрүнө карабастан 2023-жылдын 1-январынан 2024 -жылдын 31-августуна чейинки (1жыл 8 айлык) аралыкта биринчи жолу жарыяланган журналисттик материалдардын авторлору катыша алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом