Ош шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныдыКыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгат
Олимпиаданын лицензиясы үчүн кайсы грек-рим балбандары күрөшөрү айтылды
25.03.2024 | 11:55
Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензиялык мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим күрөшү боюнча кайсы балбандар катышары белгилүү болду. Аталган мелдеш 19-21-апрелде Бишкекте өтөт.
Дене тарбия жана спорт департаменти Reporter.kg’ге билдиргендей, ага Кыргызстандан 4 балбан катышат.
Лицензиялык мелдешке катыша турган балбандардын тизмеси:
- Амантур Исмаилов – 67 кг
- Асан Жанышов – 87 кг
- Үзүр Жузупбеков – 97 кг
- Роман Ким – 130 кг
Эскерте кетсек, грек-рим күрөшүндө 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг салмактары олимпиадалык болуп саналат. Буга чейин 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 77 кг салмакта Акжол Махмудов лицензия алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом