Милиция: Ошто 8 үйгө кирип, дээрлик 500 миң сомго уурулук кылган шектүү кармалды

Милиция: Ошто 8 үйгө кирип, дээрлик 500 миң сомго уурулук кылган шектүү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, былтыр 4-декабрга караган түнү Нариман айыл аймагынын тургунунун үйүнө белгисиз бирөө кирип, 45 миң сом акчасын уурдап кеткен. 2024-жылы 7-январда үй ээси милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 21-мартта шектүү катары 22 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ж.Э. дагы 7 үйгө кирип, акча, сыналгы, уюулдук телефондорду, ноутбуктарды уурдап кеткендиги аныкталган.

Жарандарга келтириген зыяндын болжолдуу суммасы 500 миң сомго жетет.

“Учурда жабырлануучуларга келтирилген зыяндын орду толтурулуп, ыкчам-тергөө амалдары уланууда”, — деп билдиришти милициядан.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>