Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Издөөдө жүргөн жаран камералардын жардамы менен кармалды
25.03.2024 | 13:24
Токтогул райондук милициясынын кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды камералардын жардамы менен кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалыматы кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 18-январда Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотропттук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш иш боюнча шектүү деп таанылган 51 жаштагы К.Э. аттуу жаран 20-мартта издөөгө алынган.
23-мартта адамды жүзүнөн тааныган камералардын жардамы менен шектүү Бишкек шаарында жүргөндүгү аныкталган. Андан соң милиция тарабынан кармалган. Шектүү Токтогулга жеткирилгенден кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.