Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Салык декларациясын тапшырууга 1 жума калды
25.03.2024 | 12:43
Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга бир жума калгандыгын эскертет.
Маалыматка караганда, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жак катары түзүлгөн дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле өлкө аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы керек.
Андан тышкары, 1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.
Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга административдик айып салынат.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом