Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылдыСалык кызматы: Кыргызстанда патенттик система боюнча иштөөнүн жаңы эрежелери бекитилди
Үч баланын энеси өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылды
04.04.2024 | 17:30
Бишкектин “Кут” жаңы конушундагы 33 жаштагы аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, анын мурдагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-пунктунун 2-бөлүгү “Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду.
Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, 33 жаштагы, үч баланын энеси Р.А. 3-апрель күнү үйүндө бычактан алган жаракаттардан каза болду. Ал күйөөсү менен бир нече жыл мурда ажырашып кеткен.
Бишкекте үч баланын энесин мурдагы күйөөсү бычактап, каза тапты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар