Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкекте үч баланын энесин мурдагы күйөөсү бычактап, каза тапты
04.04.2024 | 14:46
“Кут” жаңы конушунун тургуну Р. А. кечээ күнү мурдагы күйөөсүнүн колунан каза тапты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге укук коргоочу Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, аялга бир нече жолу бычак урулуп, ал алган жаракаттарынан көз жумган. Артында үч баласы калды.
“Р. А. ур-токмоктун айынан күйөөсү менен ажырашып кеткен. Коомчулуктун жардамы менен үйлүү болуп, клининг кызматын көрсөтүп иштеп жүргөн”, – дейт Назгүл Турдубекова.
Бишкектин Биринчи май райондук милициясы маалыматты текшерүүдө.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын 20-сентябрында Селекция айылында 2 баланын энеси Асел Ногойбаеваны беш жыл мурда ажырашкан күйөөсү Азамат Эстебесов сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Ал аталык укуктан ажыратылып, 20 жылга кесилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар