Ысык-Көлдө аялды өлтүрүп, сөөгүн үйүндө 9 күн кармаган. Шектүү кармалды

Ысык-Көлдө аялды өлтүрүп, сөөгүн үйүндө 9 күн кармаган. Шектүү кармалды

Ысык-Көлдүн Жети-Өгуз районунда аял кишини өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, чоң таштанды челектердин жанынан 35-40 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Окуя жерине тергөө-ыкчам тобу барып, маркум 1987-жылы туулган Т.К. аттуу аял экенин аныктаган. Ал киши колдуу болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары 52 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалган.

Милиция билдиргендей, шектүү өз көрсөтмөсүндө маркум аял тааныш айылдашы болгонун айткан. Окуя болгон күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. Мындан улам ал аялдын башына балка менен уруп, муунтуп өлтүргөн. Ал аялдын сөөгүн үйүнүн ашканасында 9 күн кармап, андан кийин үйүнүн жанындагы таштанды челек жакка таштап салган.

Соттун чечими менен шектүү 2 айга камакка алынды.

Тергөө амалдары уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>