Бир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталдыАйыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөтТашиев: Мага бир нече жолу кол салуу болдуЖер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалдыКыргызстанда 2030-жылга карата орточо айлык 62 миң сомго жетет – Каржы министрлигиКаржы министри Дүйнөлүк банктын өкүлү менен 101,5 млн кредит берүү маселесин талкуулады
Жеке менчикке өтүп кеткен тарыхый имарат мамлекетке кайтарылды
05.04.2024 | 09:42
Бишкектеги Фрунзе жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имарат жана жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал имарат балдар ийримдери, өзгөчө гимнастиканы үйрөтүү борбору катары түзүлүп, 1992 – жылы Москвадагы жалпы профсоюздар конфедерациясынын токтому менен Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңешине берилген.
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жетекчиси имаратты мыйзам бузуу менен жеке менчикке саткан.
УКМК аталган имараттын наркы 196 млн 302 миң сомду түзөрүн жана тарыхый-мурас экенин белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом