Грузиянын өкмөтү президенттин Литвага баруусуна уруксат берген жок

Грузиянын өкмөтү президенттин Литвага баруусуна уруксат берген жок

Грузиянын өкмөтү президент Саломе Зурабишвилиге Литванын баш калаасы Вильнюс шаарына иш сапар менен барууга уруксат берген жок.

4-апрелде өкмөттүн сайтына жарыяланган билдирүүдө президенттин тиешелүү өтүнүчүнүн канааттандырылбаганынын себеби жазылган эмес.

Зурабишвили Вильнюска 10-12-апрель күндөрү иш сапар менен барууну пландап жатат. Азырынча президент өкмөттүн тыюусуна карабастан Литвага барар-барбасы боюнча комментарий бере элек.

Ал арада бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын башкы катчысы жана Тблиси шаарынын мэри Кахи Каладзе журналисттерге маек берип, Зурабишвили өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатканын билдирди. «Зурабишвили өзүнүн айланасына өлкөнүн ачык душманы эсептелген радикал оппозициялык күчтөрдү топтоп жатат», – деди ал.

Былтыр күзүндө Грузияда батышчыл жана украинчил көз карашынан улам Зурабишвилинин популярдуулугу арта баштаганда «Грузин кыялы» ага импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөн. Анда президентти «2023-жылы өкмөттүн макулдугусуз чет өлкөлөргө чыгып, Конституцияны бузду» деп айтыпташкан.

Жыйынтыгында бийликтеги партиянын президентке импичмент жарыялоо демилгеси башка депутаттардын колдоосун таба алган эмес. Зурабишвили «Свобода» радиосуна берген маегинде партия «өлкөдөгү демократияны жана Грузиянын европалык келечегин өлтүрүүгө аракет кылып жатканын» айткан.

2022-жылы Орусия Укринага толук масштабдуу согуш ачкандан кийин грузин бийлиги Батышка жакындоо курсун улантып, ошол эле маалда Москва менен урушпоого аракет кылып келет. Орусиячыл позициядагы «Грузин кыялынын» өкмөтү Москванын Украинага кол салуусун айыптап, бирок Орусияга каршы санкция салуудан баш тарткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Грузия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>