Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкектеги шамал 16,7 млн сом чыгым алып келди
05.04.2024 | 10:05
Бишкек шаарында 28-мартта болгон катуу шамал 16 млн 749,9 миң сом чыгым алып келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкектеги ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамалдан 10 киши жабыркаган. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган.
Ошондой эле 101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган.
4 тилкеде троллейбустун зымдары, 10 жерде сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.
Катуу шамалдан улам 28-мартта Бишкекте киргизилген өзгөчө кырдаал 4-апрелде алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом