Шашылыш билдирүү: Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болот

06.04.2024 | 13:26

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы үч саат аралыгында, ошондой эле кечинде катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

«Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз “112” кызматына билдириңиз», – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top