Бишкекте азык-түлүк дүкөнүн тоногондор кармалды (видео)

Бишкекте азык-түлүк дүкөнүн тоногондор кармалды (видео)

Бишкек шаарында уурулукка шектелип 1998-жылы туулган О.Б., 1999-жылы туулган М.Н аттуу жарандар кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-март күнү милицияга жаран кайрылып, ошол 15-мартка караган түнү азык-түлүк дүкөнүн тоноп кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, уурулар Элебесов көчөсүндө жайгашкан дүкөндүн чыгыш тарабындагы дубалды бузуп кирип, 350 миң сомдук товарды алып кетишкен. Төлөм терминалын да бузуп, ал жерден 24 миң сом алып кетишкен.

Бул фактынын негизинде Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>