Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Азия чемпионаты: Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулу баштаган 5 балбан күрөшөт
12.04.2024 | 09:20
Бишкекте күрөш боюнча Азия биринчилиги өтүүдө. 11-апрелде башталган мелдеш 16-апрелде жыйыныкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жана 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.
Мелдештин экинчи күнүндө эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандардан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Нуртилек Карыпбаев (92 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) күрөшөт.
Беттештер саат 11:00до башталат. Мелдеш «Бишкек Аренада» өтүүдө.
Эскерте кетсек, мелдештин биринчи күнүндө Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло байге тагынды.
Улукбек Жолдошбеков Бишкектеги Азия чемпионатында коло утту (видео)