Президент: Аты арабча болсо дагы жүрөгү кыргыз деп соксо болду

Президент: Аты арабча болсо дагы жүрөгү кыргыз деп соксо болду

Садыр Жапаров кезектеги маегинде парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевдин кечээги билдирүүсүнө пикирин билдирди.

Ал спикердин кыргыз тилинин келечеги боюнча кабатырлануусун четке кагып, эне тил түбөлүк жашарын айтты.

“Ал Нурлан Шакиевдин жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка. Орус, англис тилдери — дүйнөлүк тилдер. Орус, англис тили БУУнун расмий тилдеринин  катарында. Анүстүнө КМШ чөлкөмүндө орус тилсиз иштей албайсың. Ал  эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот. Өздөрү айтышат «Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз» деп”, — дейт президент.

Садыр Жапаров мектептерде эки тилде билим берүүнү колдойт.

“Жаштар мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар. Ал жака барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам. Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык”, — дейт ал.

Президент баласына ысым ыйгаруу ар бир жарандын өз эрки экенин белгилейт.

“Арабча ат коюлуп атат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>