Манас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышатЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюштуКыргызстан БУУда гендердик квоталоо жана Фергана өрөөнүндөгү тынчтык боюнча баяндама жасадыБишкекте милиция кызматкери кармалган жаранды аёосуз сабоого айыпталууда
Бишкектеги сейил бакта тигилген жоогазындарды уурдагандар кармалды (видео)
12.04.2024 | 21:24
Бишкектеги сейил бакта тигилген жоогазындарды уурдагандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 12-апрелге караган түнү Эмен сейил багында тигилген жоогазындарды белгисиз адамдар уурдап кеткен.
Бул окуядан кийин милиция издөө иштерине киришип, гүлдү уурдагандар жоогазындарды сатып жатканда кармалган. Шектүү катары 28 жаштагы Ш.С. жана 47 жаштагы К.Н. аттуу жарандар кармалып, милицияга жеткирилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.