Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
УКМК эл аралык баңги каналын уюштурган жаранды кармады (видео)
20.04.2024 | 10:02
УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында баңги затын коңшу мамлекеттерге жеткирүү боюнча эл аралык канал уюштурган баңги сатуучу кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.Ж.Н. аттуу жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 366,48 грамм болгон афган тектүү “чарс” баңги каражаты табылды.
Такталган маалыматтарга ылайык, аталган жарандын үйү ташылып бара жаткан баңгизаттар үчүн база катары кызмат кылып, жума сайын болжол менен 2 кг гашиш өтүп турган.
2024-жылдын 17-апрелинде тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.Ж.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Эскерте кетсек, УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү улантууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар