Эрназар Акматалиев Олимпиада оюндарына лицензия алды

Эрназар Акматалиев Олимпиада оюндарына лицензия алды

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев Бишкектеги Азиялык лицензиялык мелдеште Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Аталган мелдеште жарым финалда жеңишке жеткен балбандарга лицензия берилет.

Акматалиев 65 кг салмакта күрөшүп, таймашты 1/8 финалдан баштаган. Ал катары менен эки атаандашын утуп, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Акматалиев түндүк кореялык Кванг Жин Ким менен күрөшүп, аны 5:3 эсебинде жеңди. Натыйжада ал 65 кг салмакта Олимпиада оюндарына жолдомо алган эки спортчунун бири болду.

Буга чейин ушул эле мелдеште 57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу лицензия уткан.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына 7 жолдомо бар: грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг), кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Айпери Медет кызы (76 кг), сууда сүзүүдөн Денис Петрашов, эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Эрназар Акматалиев (74 кг).

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>