Кыргызстан суу каптаган Оренбургга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан суу каптаган Оренбургга гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Россиянын суу каптоодон жабыркаган Оренбург облусуна гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 350 тоннадан турган гумжардамды ӨКМ жерине жеткирет. 20 жүк ташуучу (фура) унаадан турган “Жардам кербени” 20-апрель күнү жолго чыгып, Казакстан аркылуу Россиянын Оренбург облусуна жеткирүү мерчемделген.

Гумжардамдын курамы өзгөчө кырдаал катталган аймактын элине эң керектүү болгон тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар жана кийим-кече топтомунан даярдалды.

Алсак тамак-аш топтомуна: ун, шекер, күрүч, гречка, чай, өсүмдүк майы, эт консервасы, таттуу шире (сок), таттуу азыктары, тез даярдалуучу кесме, кургак сүт, кургак кесмелер.

Турмуш-тиричилик буюмдарынын топтомуна: суу сордуруучу мотопомпа, керебет, матрац, жеңил жууркан (одеяло), жаздык, күрөк, лампочка, кум ташыган замбил (носилка), чатыр.

Кийим-кече топтомуна: Чоңдор жана балдар үчүн куртка, жылуу ич кийим (термобелье), резина өтүк, курулушка ылайыкталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>