Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Кыргызстан Азербайжанга белек катары мектеп куруп берет
25.04.2024 | 20:00
Кыргызстан Азербайжандын Хыдырлы айылына мектеп куруп берет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Бүгүн Садыр Жапаровдун иш сапарынын учурунда окуу жайдын пайдубалына капсула салынды.
Мектеп Азербайжан элине Кыргызстан элинин белеги катары курулат.

Эки кабаттуу мектеп 22 окуу кабинетине ылайыкталган. Окуу жайда спорттук жана жыйындар залдары, китепкана, лабораториялар, ошондой эле информатика жана баштапкы аскердик даярдык кабинеттери болот. Мектептин аймагында спорт аянтчасы, эс алуу жайы жана откана курулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз