Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Бүгүнтөн тарта “Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөгө жабылат
27.04.2024 | 09:42
27-апрелден тарта борбордук “Ала-Тоо” аянты реконструкциялоого жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.
Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган “Ала-Тоо” аянтынын азыркы композициясы “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы концепциянын өзөгүн түздү.
Аталган ишкана 100 метрлик желексаптын долбоорун да иштеп чыкты. Учурдагы желексаптын бийиктиги 45 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, курулуш жумуштары маалында унаалар үчүн жол жабылбайт. Эс алуу жайлары гана жабылат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар