Бишкек жана Чүй облусундагы сүт заводдорунун лабораториялары стандарттарга шайкештиги боюнча текшерилдиЫмыркайлардын скрининги ооруларды эрте стадиясында аныктоого жардам берет – Саламаттык сактоо министрлигиКыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга чейин жеткирүү ниетинде17-апрель: Көпчүлүк аймактарга жаан жаап, күн сууктайтКыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратышты
Жалал-Абадда “Курманбек” стадиону жаңыланды
16.05.2024 | 09:18
Жалал-Абад шаарындагы жаңыланган Курманбек стадиону ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Анын ачылышына Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Анда 5000 орундук, жарык берүүчү чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп түзөлгөн. Мындан тышкары, Кыргызстанда биринчи жолу аталган стадионго VAR-системасы (калыстардын видео аркылуу көрүү мүмкүнчүлүгү – ред.) орнотулат.
Оңдоо иштери Кыргыз футбол союзу жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан аткарылган. Стадион Азия футбол конфедерациясынын, Эл аралык футбол федерациясынын талаптарына толугу менен жооп берет.
Рубрики: Жаңылыктар