Төө-Ашууда кар көчкү атайлап түшүрүлөт: Жүк ташуучу унааларга чектөө коюлдуПакистан менен Ооганстандын ортосунда аскердик кагылышуу күч алдыУлуттук госпиталда бөйрөктү акысыз алмаштыруу боюнча операция жасалдыБүгүн Албаниядагы рейтингдик турнирде Кыргызстандан беш балбан күч сынашат27-февралга карата аба ырайы11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалды
ИИМ: Пакистан, Бангладеш жарандары иштеген тигүүчү цехке кол салгандар аныкталды
22.05.2024 | 11:34
Аламүдүн айылында жайгашкан тигүүчү цехке кол салып, анда иштеген чет элдик жарандарды сабоого шектелип 5 киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматында, шектүүлөр 18-майда саат 04.00 чамасында цехке кирип, Пакистан, Индия жана Бангладештин жарандарын ур-токмокко алып, алардын акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Тигүүчү жайга дагы материалдык зыян келтирилген. 14 чет элдик жаракат калып, үчөө ооруканага түшкөн.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Бишкекте 17-18-майда болгон тополоңдун негизинде массалык башаламандык беренеси менен иш козгон, ага катышкандарды аныктоо жана кармоо иштерин жүргүзүүдө.
Студенттердин алтындарын, айфондорун тартып алышкан. Ректорлор кайрылуу жасады
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар