«Депутаттарды аңдыбай иш кылсын». Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо сунушталды (видео)

«Депутаттарды аңдыбай иш кылсын». Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо сунушталды (видео)

17-18-май күнү Бишкектеги тополоңдо  Ички иштер министрлиги убагында чара көрө алган жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Ал министр Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароону сунуштады. Эл өкүлүнүн айтымында, ИИМ депутаттар менен активисттерди аңдуу менен убара.

«Чет элдик жарандар менен чатакта биз азыр бейбаштык кылгандарды жоопко тартабыз деп жатабыз, бирок ички иштер министринин жоопкерчилиги жөнүндө айтылбай жатат. Окуя өзү 13-майда болгондугуна карабай чара көрүлгөн эмес. Неге күнөөлүү адамдар дароо кармалган эмес? Жума күнү дагы социалдык тармактарда чакырыктар айтылгандыгына маани берилген жок. Депутаттарды, активисттерди аңдып, порно видеолорду тартпай, реалдуу иш кылбайбы. Жол коопсуздугунда канча проблема бар. Уюшулган кылмыштуу топтор менен күрөшө албагандыктан алар менен УКМК убара болуп жатат», — деди Дастан Бекешев.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Бишкекте 17-18-майда болгон тополоңдун негизинде массалык башаламандык беренеси менен иш козгон, ага катышкандарды аныктоо жана кармоо иштерин жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>