Бакыт Төрөбаев: Айылдарда ичүүчү суу көйгөйүн чечүү үчүн 1,2 млрд доллар инвестиция керекТөлөп беребиз деп убадалап, дайынсыз жоголушкан: Чүй облусунда алдамчылык фактысы аныкталдыЭквадордо теракт болду. Унаа жарылып, бир адам каза болуп, экөө жаракат алдыКесек көмүрдү унаа менен тышка ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилдиКыргызстан менен Жапония кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуунун долбоорун талкууладыБишкекте заманбап балдар оорукана имараты ишке берилди
Таласта үч адамды өлтүрүүгө шектелген адам кармоо учурунда жок кылынды
24.05.2024 | 10:10
Таласта аял менен анын уул-кызын өлтүрүүгө шектелип издөөгө алынган адам кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалым болгондой, шектүү тоо тарапта жашырынып жүрүп, качып кетүүгө аракет кылган. Ал кармоо учурунда каршылык көрсөткөндүктөн, атып өлтүрүлгөн.
Шектүү маркум аялдын кайнагасы болгон.
Эскерте кетсек, 24-майга караган түнү Таластын Ак-Башат айылында 27 жаштагы аял жана анын 4 жаштагы кызы менен 2 жаштагы уулу киши колдуу болгон. Окуя жеринен милиция мылтык менен балта тапкан. Алар кылмыш куралы катары далил зат болуп алынган.
Шектүү делген 48 жаштагы Н.К. аттуу жаран издөөгө алынган. Ал буга чейин адам өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн соттолгону белгилүү.