Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катарынан чыгарылды

Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катарынан чыгарылды

Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын катарынан чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге  фракциядан ырасташты.

«Бүтүн Кыргызстандын» көпчүлүк мүчөлөрү бул сунушту колдошкон.

Маалыматка караганда, Айгүл Айдарова фракциянын жыйындарына себепсиз катышпай, буга байланыштуу бир нече жолу эскертүү алган.

Ал депутаттык мандатынан айрылбайт.

Белгилей кетсек, Айгүл Айдарова диплом чырына байланыштуу мандаттан айрылган Орозайым Нарматованын ордуна келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>