«Сиз эмне, тойго келдиңизби? Күлүп отурасыз?» — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары акимди тилдеди
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев потенциалдуу инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жергиликтүү жетекчилер менен өткөн онлайн-кеңешмеде аткаминерлердин бул багыттагы чабал ишин сынга алды.
Видеону КР Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жарыялады.
«Биздин мамлекеттик органдар ушинтип кат жазып коюп, ыргытып (футбол ойнотуп) эле коюшат, андан кийин эмне кылсаңар ошо кылгыла дейт. Урматтуу президентибиз эмне деди эле? Инвесторлор биздин артыбыздан чуркабай, биз инвесторлордун артынан чуркашыбыз керек. Дагы бир жолу көңүлүңүздөрдү бурам: ортобу, чаканбы же ири ишканабы, инвесторбу — көлөмүнө карабастан шарт түзүп беришибиз керек. Биз азыр маселелерди чечип жатабыз, силер да тезирээк чечкиле. Трансформация керекпи…», — деп Касымалиев сүйлөп жатып, Талас облусунун Айтматов районунун акими Нурланбек Умаровдун күлүп отурганын көрүп калды.
Сөзүн бөлүп, Адылбек Касымалиев онлайн-кеңешменин катышуучуларына кайрылды:
«Бул ким ал жактагы? Үчүнчү катарда, экинчи орунда ким отурат? Күлүп жатат. Аким, сиз эмне, тойго келдиңизби? Сиз эмне, тойго келдиңизби деги? Отуруп алып мыскылдап күлөсүз…», — деп Касымалиев Умаровду тилдеп, кеңешмени улантты.
Касымалиевдин айтымында, экономиканы 9-10% деңгээлинде кармап туруу үчүн азыр инвестиция, абдан көп инвестиция керек — ошондо салыктар түшөт, жумуш орундары түзүлөт.