Тажикстанда каза болгон кыргыз үй-бүлөнүн балдары боюнча маалымат берилди
Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Согди облусунун Канибадам районундагы Санжизор айылынын (мурдагы Жийделик) тургуну, этникалык кыргыз маркум Абдуфаттох Ибрагимовдун 3 баласын Кыргызстандагы туугандарына берүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Министрлик кошуна мамлекеттин тийиштүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, Абдуфаттох Ибрагимов, аялы Курбангүл жана эжеси Зулхо үчөө 29-майда киши колдуу болушкан. Алардын 8, 4 жана бир жаштагы балдары томолой жетим калды. Алардын учурда Ходжент шаарында ооруканада дарыланып жатканы кабарланды.
Баткен облусунун Лейлек районунда жашаган туугандары балдарды өз камкордугуна алуу өтүнүчү менен кайрылышууда.
https://reporter.kg/tazhikstandagy-yj-bylonyn-olymy-batkendegi-tuugandary-okuyanyn-choo-zhajyn-ajtyp-berishti/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз