Кыргыз-Кытай технологияларды трансферлөө борборунун филиалы ачылдыКыргызстан менен Корея соода жана инвестиция жаатында кызматташуу меморандумуна кол коюштуБишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат«Биз өзүбүздүн чоң үйүбүздү куруп жатабыз»: КРСУнун ректору Сергей Волков — университеттин келечеги тууралууБарскоон суусунда балыктардын өлүмү катталды. Учурда иликтөө жүргүзүлүүдөСоттолгондордун акысыз иштөө убактысын эки эсе көбөйтүү сунушталууда
Кыргызстандагы CASA-1000 курулушу аяктоодо
07.06.2024 | 09:32
Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады. Тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду.
Учурда зымдарды тартуу боюнча иштер жүрүп жатат, бул иштердин аткарылган көлөмү 76%ды түзөт.
Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын – Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика