Бишкекте боорун алмаштырган бейтаптар үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматта экөөнүн тең саламаттыгы канаттандырарлык экендиги айтылат.
Кыргызстанда биринчи жолу боорду трансплантациялоо 10-июнда болду. Ал кыргыз-түрк достугу ооруканасында Түркиялык дарыгерлердин жардамы менен жасалды. Операциялар президенттин демөөрчүлүк фондунан каржыланды.
Кыргызстанда боор алмаштыруу боюнча алгачкы операция жасалат