Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Ош шаарына барып, кечээ сел болгон жерлерди кыдырды.
Интернетте тараган видеодо анын базарда ишкерлер менен баарлашканын көрүүгө болот. Соодагерлер бийликтен жардам күтөрүн, кенемте бериле турган болсо, ал калыс бөлүштүрөрүнө ишеним артышарын айтышты.
«Колунда жокторго жардам беребиз», — деп жооп берген Акылбек Жапаров.
Калаа мэри Бакытбек Жетигенов ишкерлердин чыгымын тактоо боюнча иштер жүрөрүн айтты.
Белгилей кетсек, шаардын базарындагы 842 контейнердин 785ин суу каптап, соодагерлердин товарларын агызып кеткен.