12 жаштагы Алинур көлгө чөгүп бараткан үч аялды куткарып калды

12 жаштагы Алинур көлгө чөгүп бараткан үч аялды куткарып калды

12 жаштагы Алинур Туратбеков Каракол шаардык пляжынын жанындагы көлгө чөгүп бараткан үч аялдын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 20-июль күнү кечинде, Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндөрдү уккан Алинур, толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга секирип кирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок, көлдүн алдындагы оюктарга туш болушуп, кошо чөгүп башташкан.

Сууда сүзүп барып, Алинур чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган. Анын көрсөткөн эрдиги кырсыктын алдын алып, адамдардын өмүрүн сактап калды.

Алинур Туратбеков Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Мирлан Буканбаевдин жана Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын уюштуруу — тескөөчүлүк бөлүмүнүн улук инспектору Наргиза Осмоналиеванын уулу, коомго кызмат кылуу жана өз ара жардамдашуу баалуулуктары эмделген милициялык үй-бүлөдөн чыккан. Мындан тышкары, Алинур самбо күрөшү менен машыгат, бул ага күч жана туруктуулукту өрчүтүүгө жардам берет.

«Биз уулубуз менен сыймыктанабыз. Анын чечкиндүүлүгү биздин үй-бүлөбүздүн маанилүү сапаттары болгон чыныгы адамгерчили жана кайраттуулук ага негизделгенин тастыктайт», — деди Алинурдун апасы, милициянын майору Наргиза Осмоналиева.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>