Казакстан тарыхындагы эң дымактуу дипломатиялык ишин баштадыСоциалдык тармактарда УКМКга карата айтылган сын-пикирлерге видеожооп пайда болдуБишкекте дайынсыз жоголуп жаткан 8 өспүрүмдүн төртөө табылдыТүркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалдыЖазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышатКыргыз балбаны дүйнөнүн алдыңкы үчтүгүнө кирди: Акматалиев UWW рейтингинде көтөрүлдү
Бишкекте өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалды
29.07.2024 | 11:53
Бишкекте 25 жаштагы жаран жашы жете эле кыз менен жыныстык катнашка барган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 20-июлда милицияга кыздын апасы кайрылып, 2009-жылы туулган кызы менен жыныстык катнашка барган А. аттуу жаранга чара көрүүнү суранган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен кылмыш иши козгогон. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү катары 25 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган. Соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына камакка алынган.