Видео: Таласта 2-класстагы бала кароосуз калып, кой кайтарат деген маалыматты милиция текшерүүдө

Видео: Таласта 2-класстагы бала кароосуз калып, кой кайтарат деген маалыматты милиция текшерүүдө

Таластын Айтматов районунда 2-класстагы бала кароосуз калып, кой кайтарып жүргөндүгү боюнча маалыматты милиция териштирүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Учурда жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

«Социалдык тармактарга тараган кой жайып жүргөн бала боюнча жеринде Айтматов РИИБнин тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет», — дейт ички иштер башкармалыгы.

Жергиликтүү басылмалардын биринде жарыяланган видеодо «Шекер айылында атасы 2-класстагы баласын тамак-аш бербей кой кайтартат» — деп айтылган. Жакын жердеги дыйкандар балага тамак-аш берип турат. Алар анын атасына канча кайрылганы менен ал айткандарын кулак салган эмес.

«Атасы Казакстан менен чектеш жерге таштап койгон. Катып калган нан жеп, кароосуз калды. Түнкүсүн чөөлөр, карышкырлар келип, байкуш коркконунан чатырга чыгып кетет. Үстүндө кийим-кечеси жок же тамак-аш бербейт экен», — дейт ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>