Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
УКМК Транспорт министрлигинин кызматкерин кармады
02.08.2024 | 16:50
Транспорт министрлигинин Жер жана суу транспорт департаментинин кызматкери УКМКнын кызматкерине пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, “Жаңы-Арык” транспорттук көзөмөл постунун башкы инспектору О.Н. жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына айыппул төлөөдөн качууга жардам берип, мыйзам бузган. Ал тууралуу билингенден кийин кылмыш ишин козгобошу үчүн башкы инспектор УКМКнын кызматкерине 200 миң сом сунуштаган.
Натыйжада ал аталган сумманы берип жатканда кармалган. Ага “пара берүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.