Кореяда соттолгон 3 кыргыз жараны абактан шарттуу түрдө бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Акыркы айда чет өлкөдөгү Консулдук кызматтар Аль-Авир (Дубай, БАЭ), Марибор (Словения), Чхонан (Түштүк Корея), ошондой эле Южно-Сахалинск (Россия) соттолгон 21 жаран менен жолугушту. Андан тышкары, 9 кыргызстандыктын соттук отуруму өттү.
Июлда чет өлкөдө каза болгон 22 жарандын сөөгү мекенине жеткирилди.