Ички аба каттамдын билет баасы күзүндө 2 миң сомго түшөт

14.08.2024 | 13:29

Asman Airlines компаниясынын учактары 27-сентябрдан тарта аймактагы шаарларга учуп баштайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин  маалыматы кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, учак Талас, Нарын жана Караколго каттайт.

“Билеттин баасы 2000 сомдон башталат”, – дейт ал.

Компаниянын маалыматында, бир нече тариф сунушталат: супер эконом (7 кг кол жүк менен гана), фул эконом (15 кг жүк жана кол жүк), флекс эконом (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо мүмкүнчүлүгү жана кезексиз тейлөө).

15-августтан тарта Бишкек – Талас – Бишкек багыты боюнча билеттерди сатуу башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин «Манас — эл аралык аэропорту» ААКсынын президентти Манасбек Самидинов мамлекеттик авиакомпаниянын учактары талап көп жана алыс болгон Ош, Баткенге учарын айткан. Баткен жана Раззаков шаарларына билет баасы 6,5 миң сомду түзөт.

https://reporter.kg/osh-batkenge-bilet-kachan-arzandap-uchaktar-yzgyltyksyz-uchup-bashtary-ajtyldy/

Scroll to Top