Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Кыргызстан жарандарына Орусиянын 3 аймагына барбай турууну сунуштады
14.08.2024 | 16:10
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарын Орусиянын үч аймагына барбай турууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Курск, Брянск жана Белгород облустарындагы кыргызстандыктар (+7 (925) 2855047, +7 (925) 1155047) элчилик менен байланышып, жардам ала алышат.
Белгилей кетсек, Орусиянын үч облусунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Украинанын аскерлери аталган аймактарды аткылап, Курсктун бир нече айылын басып алды.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Курск облусунда 200гө жакын кыргыз жараны бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом