Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Ысык-Көлдө лыжа базасын куруу үчүн “Кыргыз Куршевелге” 1624 га жер берилет
16.08.2024 | 14:51
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында “Үч чоку” тоо-лыжа комплексин куруу үчүн “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына 1624,26 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилет. Өкмөттүн тиешелүү токтому 2-августта чыккан.
Аталган жер трансформацияланып, андан кийин ишканага берилет. Учурда 1624,26 гектар жердин 294,6 гектары жайыт болсо, 1329,66 гектары Токой фондунун жери болуп саналат.
Өкмөттүн токтому расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом