Таласта дайынсыз болуп жаткан Акылай Болотбекова аман-эсен табылды

Таласта дайынсыз болуп жаткан Акылай Болотбекова аман-эсен табылды

Таласта дайынсыз болуп жаткан Акылай Болотбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 15-августта облустук милициянын басма сөз кызматы 14 жаштагы Акылай дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараткан. Бул маалымат ЖМКга жарыяланган соң, кыздын кайсы жакта жүргөндүгү тууралуу милицияга кабарланган.

«Акылай бүгүн, 16-августта Бишкек шаарынан табылып, Таласка алып келинип жакындарына өткөрүлүп берилди. Ал өз алдынча эч кимге айтпастан эле Бишкек шаарына кетип калгандыгын билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>