БШКнын төрагасынын орун басары алмаштыКара-Кулжада 8 жаштагы бала ит тиштегенден кийин ооруканада каза болдуОшто өрттөн каза болгон эне жана балдардын сөөгү жерге берилдиКамчыбек Ташиев Баетов айылында спорт комплекси жана маданият борборунун курулушуна капсула салдыЧек арада стоматологиялык имплантаттарды мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулдуКыргызстан күйүүчү майды жеткирүү боюнча эки өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө
Байге фонду 3 млн сом. Бишкекте төкмө акындардын айтышы өтөт
17.08.2024 | 12:30
30-31-август күндөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 17-Эл аралык төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу “Манас” улуттук театрынан билдиришти.
Эл аралык сынак Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына жана Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына арналган.
Айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Тандоо туру 12-августта “Манас” театрында өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы