«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөтКыргызстанда 1 млрд долларлык фармацевтикалык индустриалдык парк курулат
Оштун 10 тургуну «Йакын Инкар» агымынан чыгышты (видео)
17.08.2024 | 14:28
УКМК тарабынан экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун тургундары болгон «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымынын 10 мүчөсүнө профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө бөгөт коюлгандар «Йакын Инкар» агымынын радикалдык-экстремисттик идеологиясынын зыяндуулугун толук түшүнүшүп, мындан ары бул тыюу салынган экстремисттик агымга мүчө болуудан өз ыктыярлары менен баш тартышты.
Мындан тышкары, алар тарабынан рецидив учурларын болтурбоо максатында Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын атынан аларга расмий эскертүү берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар