БУУ Кыргызстанды өлүм жазасын кайтарбоого чакырдыӨкмөттө кыргыз-герман кызматташтыгы талкууландыФИФА рейтинги: Кыргызстан позициясын жакшыртты21-октябрга карата аба ырайы: Жаан-чачын күтүлбөйтБишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышууда
УКМК: Чүйдө 470 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды (видео)
20.08.2024 | 13:18
Чүй облусунда баасы 470 млн сом болгон 31,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жер – “Аэродром” жер тилкеси Жайыл районунун Ак-Башат айылында жайгашып, “Буудай” ААКсына таандык болгон. 2007-жылы айрым кызмат адамдар менен акционердик коомдун жооптуу кызматкерлери сүйлөшүп алып, баюу максатында учуп-конуу тилкеси, химиялык заттарды сактоочу кампасы жана башка курулуш объекттери бар 31,5 гектар жерди менчикке чыгарып кетишкен. Жер үчүн болгону 185 миң сом төлөнгөн.
УКМК билдиргендей, ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында баасы болжол менен 470 млн сомго жеткен 31,5 гектар жер мамлекетке кайтарылды.