Интернеттин ылдамдыгы жайладыбы? Байланыш операторлордун ассоциациясы жооп берди

Интернеттин ылдамдыгы жайладыбы? Байланыш операторлордун ассоциациясы жооп берди

Социалдык тармактын колдонуучулары акыркы аптада өлкөдө интернет жайлап, айрым сайттар ачылбай жатканына даттанышууда.

Reporter.kg’ге байланыш операторлордун ассоциациясынын жетекчиси Салават Ормошев интернеттерди өлкөгө алып келүүдө жана таркатууда эч кандай тоскоолдуктар жоктугун, баары кадимки режимде иштеп жатканын билдирди.

«Андай көрүнүш жок. Жалпысынан трафик өсүп, үзгүлтүксүз берилип жатат, сапатында дагы маселе жок. Операторлор жабдууларын жаңылап, тынымсыз иш алып барууда», — дейт Салават Ормошев.

Анын айтымында, операторлордун өзүндө гана техникалык мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн.

«Мисалы, кечээ бир саат «Акнетте» техникалык себептен улам өчүп калды. Андан тышкары, азыр Бишкекте жолдор оңдолуп жаткандыктан сым карагайлар алынып, чубалгыларды алмаштырып, кайра орнотууга туура келип жатат. Бирок бул айрым райондорго гана. Оңдоо иштери аякташы менен баары калыбына келет», — дейт Байланыш операторлордун ассоциациясы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: байланыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>