Эгемендик күнү: 15 миңден ашык милиционер коомдук тартипти карайт
31-август – Эгемендик күнүнө карата өлкө боюнча 15 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти карайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Бишкекте эле коомдук тартипти кароого 5 миңден ашык кызматкер тартылат.
Андан тышкары, 26-28-август күндөрү өлкө аймагында “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу ыкчам иш-чарасы өткөрүлөт. Анын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы рейддер уюштурулат.
30-августта майрамдык даярдыктарга байланыштуу Бишкектин Чынгыз Айтматов проспектинде унаалар үчүн маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Ошондой эле 31-августта Жибек-Жолу, Жусуп Абдрахманов, Манас жана Киев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө унаалар үчүн маал-маалы менен убактылуу чектөөлөр коюлат.
“Көрүлүп жаткан чараларды Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз”, – деп билдер ИИМ.