BITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүКыргызстан менен Казакстандын банктары кооптуу сызыктаБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
15 жашар кызды сабап, зордуктагандар кармалды
27.08.2024 | 17:10
Ошто М.М. аттуу 15 жаштагы кызды бир ай бою сексуалдык кулчулукта кармагандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, М.М. социалдык коргоо кызматынын катышуусунда күбө катарында суракка алынып, өзүнүн көрсөтмөсүн берген. Ага соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган.
Өспүрүм сабоого шектелип, 2003-жылы туулган Э. Б. жана Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шектелип 1997-жылы туулган У. Х. кармалды.
Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандардын дагы өздүгү аныкталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, далил катары видеолор алынган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынат жана коомчулукка кошумча маалымат берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом